16-апрелде Илимий-билим берүү комплекси «Ломоносов мектебинин» базасында Пенза мамлекеттик университетинин Аралык билим берүү борборунун ачылышы болду. Ачылышка ПМУнун эл аралык иштер боюнча проректору, Эл аралык кызматташтык институтунун директору Глеб Синцов жана ПМУнун үзгүлтүксүз билим берүү жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу боюнча проректору Владимир Симагин катышты. Ошондой эле борбордун ачылышына Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин профессору, Кыргызстандын Атайын Ыйгарым укуктуу өкүлү Бүбүйра Абдыжапарова катышты.
Илимий-билим берүү комплекси «Ломоносов мектебинин» негиздөөчүсү жана президенти Нурия Турдакунова Аралык билим берүү борбору өлкөбүздүн билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон улуттук кадрларды тарбиялоого салым кошот деген ишенимин билдирди.
«Бизге Орусиядан келген мугалимдердин да үй-бүлөлөрү бар, алар бул жерде көпкө тура алышпайт, ошондуктан биз келечекти ойлоп, ЖОЖдорго, анын ичинде Пенза мамлекеттик университетине жана Россиянын башка өнөктөш университеттерине тапшырууга даярдануу аркылуу улуттук мугалимдерди чогуу өстүрүүбүз керек. Биздин өлкөнүн аймактарында жашаган мектеп окуучуларына табигый жана техникалык дисциплиналары боюнча даярданууга сапаттуу шарттар, мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүнө абдан кубанычтамын», – деп белгиледи Нурия Турдакунова.
«Бул менин Кыргызстанга биринчи жолу келишим, мен бул жерге борбордун ачылышы сыяктуу маанилүү учурга келгениме абдан кубанычтамын. Бул эки өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп жатканы эки эсе кубандырат. Азыр Кыргызстандан келген студенттер Пенза мамлекеттик университетинин бардык адистиктери: педагогика, медицина, техникалык институттар боюнча билим алышууда. Университеттин жетекчилигинин негизги максаты студенттерге келечекте пайдалуу, алардын карьерасы жана бакубат жашоосу үчүн зарыл болгон пайдубалды түзө турган сапаттуу билим алуу гана эмес, эки өлкө – Кыргызстан жана Орусия ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо. Ошондуктан, студенттер бизге келгенде өздөрүн үйдөгүдөй сезиши биз үчүн абдан маанилүү”, – деп баса белгиледи Глеб Синцов.
Ал белгилегендей, кыргызстандык абитуриенттер өздөрүн кызыктырган каалаган дисциплинаны тандап, бюджеттик окуу жайга тапшыра алышат. Бул аларга стипендия алууга, кампуста жатаканада жашоого, медициналык камсыздандырууну жабууга жана учурда университетте болгон бардык шарттарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
«Жашыруун эмес: ийгиликке жетүү үчүн өмүр бою окуп, билимди өркүндөтүү керек. Биздин университет Кыргызстандан келген студенттерге келечекте өз республикасы үчүн да, өзү үчүн да пайдалуу сапаттуу билим берүүгө даяр. Жеке бизде жумушка орношууда көйгөйлөр жок: студенттер университетте окуп жүргөндө жумуш менен камсыз болушат. Бизде өндүрүш, педагогика, медицина тармагында талап бар» – деп билдирди Владимир Симагин.
Бул борбор өз ишин үч багытта алып барат:
«Биздин биргелешкен күч-аракетибиз Кыргызстандын экономикасы үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталган жана биздин өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоого кошкон салымыбыз Россия менен Кыргызстандын ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоого жардам берет», – деп баса белгилейт Нурия Турдакунова.
Борбордун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алуу үчүн 0 555 663 632 телефонуна кайрылсаңыздар болот.
Авиация жана космонавтика күнүндө Илимий-билим берүү комплекси “Ломоносов мектебине” биринчи кыргыз космонавты, төрт өлкөнүн – Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын Баатыры Салижан Шакирович Шарипов келди.
Салижан Шарипов эки жолу космоско учкан. Ал 9 күнгө созулган биринчи учуусун 1998-жылы жасаган. 2004-2005-жылдары «Союз ТМА-5» космостук кемесинин командири жана Эл аралык космос станциясынын 10-экспедициянын бортинженери катары алты айлык учуусун жасаган. Учуу учурунда ал эки жолу ачык космоско чыккан.
Легендарлуу космонавтты салт боюнча боорсок менен тосуп алдык. Конок үчүн космос темасындагы кол өнөрчүлүк жана сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, окуучуларыбыз концерттик номерлерин тартуулашты.
Салижан Шакирович менен жолугушуу ачык диалог форматында өттү, анда окуучулар космос мейкиндиги менен өз ара таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Салижан Шарипов мектеп окуучуларына кыялы кантип ишке ашканын айтып берди. Анын айтымында, 5-6 жашында өзү туулуп-өскөн Ош облусунун Өзгөн районунун талааларында эмгектенген «кукурузниктердин» учуп-конушун көргөндү жакшы көрчү.
«Мен 12-14 жашымда телевизордон космос тууралуу берүүлөрдү көргөнбүз, атам эгер мен чындап кааласам жана максатыма умтулсам космонавт боло аларымды айткан. Ошондон тарта мен үйдө жана жергиликтүү китепканада болгон техникалык адабияттарды окуп чыктым», – деп бөлүштү космонавт.
Балдардын мектепте кайсы предметтерге көбүрөөк көңүл буруш керек деген суроолоруна ал бир нерсени бөлүп, так сабактарды гана жакшы окуй албайсың деп жооп берди.
«Сабактардын баары, ал турсун орус тилин жана адабиятын билүү мага ар дайым жардам берип келет. Окугула, окуу эч качан ашыкча болбойт!» – деп кайрылды Шарипов балдарга. «Ар тараптуу адамдар ар дайым ийгиликтүү жана максаттуу болушат. Силер али жашсыңар, силер үчүн бул айрыкча оңой болушу керек! Мектепте окуп жүргөндө тыныгууда үй тапшырмаларын аткарып, текшерүү ишин 5 мүнөттө бүтүрүп, анан эс алчумун. Жөн гана өзүңөргө: “Мен каалайм” деп айтсаңар, ошондо силердин кыялыңар орундалат”.
Жолугушуу абдан жылуу жана достук маанайда өтүп, чакан викторина менен аяктады. Анда окуучулар туура жооптор үчүн легендарлуу космонавттын кол тамгасы менен эсте каларлык белектерди ала алышты.
Бул иш-чара Ю.А.Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунун илимий-изилдөө институтун жана Илимий-билим беруу комплекси «Ломоносов мектебинин» биргеликте кесиптик багыт берүү программасын ишке ашыруудагы космонавт болууну кыялданган бардык жаш кыргызстандыктарды гранттык негизде окутууга багытталган маанилүү иш кадамдардын бири болду.
Илимий билим берүү комплекси «Ломоносов мектеби» Берлиндеги жайкы тил лагерине кабыл алууну жарыялайт!
Программанын катышуучулары адис мугалимдер менен англис же немис тилин интенсивдүү курстардын аркасында үйрөнө алышат.
Программа 7-9-класстын окуучуларына арналган жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
Турак жай
Программанын катышуучулары Берлиндин тынч жана коопсуз аймагында жайгашкан мектеп кампусунда жайгаштырылат.
1-2 керебет кенен бөлмөлөр бардык зарыл болгон ыңгайлуулуктар менен жабдылган жана душ, туалет, ванна бар.
Тамактануу
Атайын диета боюнча суроо-талаптарды эске алуу менен мектептин ашканасында төрт маал тамак берилет.
Маданий программа жана эс алуу
Бош убактысында катышуучулар ар түрдүү жана жандуу маданий программадан ырахат алышат, анын ичинде:
Тренинг программасы ошондой эле төмөнкүлөрдү камтыйт:
-Ломоносов атынданы Берлин – Марзан мектебинде сабактарга катышуу,
Баасы
17-июль – 24-июль (7 күн) – 775€,
17-июль – 31-июль (14 күн) – 1500€.
Баага төмөнкүлөр кирет:
Баага төмөнкүлөр камтылбайт:
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү:
20-апрелге чейин.
Каттоо шилтемеси: https://forms.gle/oQVeGGkWscmC2mk16
Март айынын башында Сочи шаарында жаштардын дүйнөдөгү эң ири иш-чараларынын бири – Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы өттү.
Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан 90 миңге жакын адам фестивалдын коногу болду. Форумдун программасына 20 миң адам катышты, алардын арасында биздин окуучу Айгүл Абдыкадырова да бар.
Айгүл 9-класста окуйт, Орусияга биринчи жолу барган. Фестивалдын алкагында мастер-класстарга катышып, тематикалык иш-чараларда талантын көрсөтүп, жаңы жана кызыктуу таанышуулардын ээси болду. 🤗
Урматтуу ата-энелер, эгер сиз дагы эле балаңыз үчүн мектеп издеп жүрсөңүз, анда ар ишемби күнү Ломоносов жеке мектебинде Ачык эшиктер күнү өтөт!
Бул сиз жана сиздин балаңыз үчүн:
Биздин мектепте окуунун артыкчылыктары тууралуу кыскача:
Балаңызга күчтүү фундаменталдык билим бергиңиз келсе – Ачык эшик күнүнө азыр катталыңыз!
Жазылуу үчүн WhatsApp номери:
+996 555 663 632
Биздин дарек: Бишкек ш. Жунусалиев көчөсү, 175 (эски аэропорттун району).
20-март күнү Ломоносов жеке мектебинде «Кош бол, Азбука» иш-чарасы болуп өттү.
Азбука менен коштошуу кызыктуу маанайда өтүп, анда жаш ломоносовчулар ыр окуп, ырдап жана бийлешти. Кыргыз классынын окуучулары С. Маршактын «Мунарча үй» жомогу боюнча чакан спектакль даярдашты. Конокко каракчылар да келишип, ызы-чуу жаратышты. Бирок сабактардан алган билиминин аркасында биздин окуучулар аларга каршы күрөшө алышты.
Майрамдын соңунда ар бир окуучу Азбуканы өздөштүргөнү тууралуу грамотага ээ болду. Бир аз убакыт өтүп, жаш окурмандар билимдин жана ачылыштын кызыктуу жолунда жаңы сырларды өз алдынча ача алышат. Бул сапарда аларга ийгилик каалайлы!