Авиация жана космонавтика күнүндө Илимий-билим берүү комплекси “Ломоносов мектебине” биринчи кыргыз космонавты, төрт өлкөнүн – Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын Баатыры Салижан Шакирович Шарипов келди.
Салижан Шарипов эки жолу космоско учкан. Ал 9 күнгө созулган биринчи учуусун 1998-жылы жасаган. 2004-2005-жылдары «Союз ТМА-5» космостук кемесинин командири жана Эл аралык космос станциясынын 10-экспедициянын бортинженери катары алты айлык учуусун жасаган. Учуу учурунда ал эки жолу ачык космоско чыккан.
Легендарлуу космонавтты салт боюнча боорсок менен тосуп алдык. Конок үчүн космос темасындагы кол өнөрчүлүк жана сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, окуучуларыбыз концерттик номерлерин тартуулашты.
Салижан Шакирович менен жолугушуу ачык диалог форматында өттү, анда окуучулар космос мейкиндиги менен өз ара таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Салижан Шарипов мектеп окуучуларына кыялы кантип ишке ашканын айтып берди. Анын айтымында, 5-6 жашында өзү туулуп-өскөн Ош облусунун Өзгөн районунун талааларында эмгектенген «кукурузниктердин» учуп-конушун көргөндү жакшы көрчү.
«Мен 12-14 жашымда телевизордон космос тууралуу берүүлөрдү көргөнбүз, атам эгер мен чындап кааласам жана максатыма умтулсам космонавт боло аларымды айткан. Ошондон тарта мен үйдө жана жергиликтүү китепканада болгон техникалык адабияттарды окуп чыктым», – деп бөлүштү космонавт.
Балдардын мектепте кайсы предметтерге көбүрөөк көңүл буруш керек деген суроолоруна ал бир нерсени бөлүп, так сабактарды гана жакшы окуй албайсың деп жооп берди.
«Сабактардын баары, ал турсун орус тилин жана адабиятын билүү мага ар дайым жардам берип келет. Окугула, окуу эч качан ашыкча болбойт!» – деп кайрылды Шарипов балдарга. «Ар тараптуу адамдар ар дайым ийгиликтүү жана максаттуу болушат. Силер али жашсыңар, силер үчүн бул айрыкча оңой болушу керек! Мектепте окуп жүргөндө тыныгууда үй тапшырмаларын аткарып, текшерүү ишин 5 мүнөттө бүтүрүп, анан эс алчумун. Жөн гана өзүңөргө: “Мен каалайм” деп айтсаңар, ошондо силердин кыялыңар орундалат”.
Жолугушуу абдан жылуу жана достук маанайда өтүп, чакан викторина менен аяктады. Анда окуучулар туура жооптор үчүн легендарлуу космонавттын кол тамгасы менен эсте каларлык белектерди ала алышты.
Бул иш-чара Ю.А.Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунун илимий-изилдөө институтун жана Илимий-билим беруу комплекси «Ломоносов мектебинин» биргеликте кесиптик багыт берүү программасын ишке ашыруудагы космонавт болууну кыялданган бардык жаш кыргызстандыктарды гранттык негизде окутууга багытталган маанилүү иш кадамдардын бири болду.