Биздин студент БААУда окууга 100% грантка ээ болду

БИЗДЕ ЖАКШЫ КАБАР

Биздин 11-А классынын окуучусу Мадиев Марат “Брейн ринг” (2022) интеллектуалдык оюнунда эң жогорку жыйынтык көрсөтүп, 1-орунду жана Борбордук Азиядагы Америка Университетинде (БААУ) окуу үчүн 100% грантка ээ болду!

Бул окуучунун өзүнүн да, ата-энесинин да, мугалимдеринин да эбегейсиз эмгегинин, күчү, энергиясынын натыйжасы!

Мадиев Маратты ушундай орчундуу ийгилиги жана өжөрлүгү, чыдамдуулугу, чечкиндүүлүгү үчүн татыктуу сыйлык менен куттуктайбыз!

Ошондой эле Мараттын ата-энеси Абдыкаимова Айгүл Окосовнага жана Мадиев Искендер Кашимовичке терең ыраазычылык билдиребиз.

Эске салсак, 15-апрелде @myauca дарегинде мектеп окуучулары арасында жыл сайын өтүүчү “Брейн ринг” (2022) жазгы мелдеши болуп өттү. Бул сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан алдын ала тестирлөөдөн өткөн 100дөн ашык окуучу катышты.