Кайрымдуулук жарманкеси

Урматтуу достор, баарыныздарды 28-май күнү саат 12:00дө Дордой плаза соода борборунда өтүүчү Балдарга жардам берүү кайрымдуулук жарманкесине чакырабыз!

Жарманкеде @mguschool Ломоносов мектебинин ата-энелеринин, окуучуларынын жана мугалимдеринин колунан жасалган буюмдар коюлат. Ошондой эле кызыктуу семинарлар, балдарыңыз үчүн аквагрим жана башка көптөгөн нерселер сизди күтөт!

Кайрымдуулук жарманкеси – бул жөн гана өзүңүзгө жана жакындарыңызга өзгөчө белектерди сатып алуу мүмкүнчүлүгү эмес, ошондой эле биздин колдообузга өтө муктаж болгон балдарга жардам берүү. Баарын катышууга чакырабыз, сатып алууга да, сатууга да, чогуу балдарга жардам беребиз